Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу №37
Айылдын саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу үчүн жер тилкесин бир категориядан башка категорияга которуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-июлундагы №01-5/773 номерлуу иш кагазын карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында саркынды сууларды тазалоочу жайды куруу үчүн (жайыт жерлерден 139.4кв.м.; саздак жайыттан 259кв.м.; силос чункур 318кв.м.; дөбө 130кв.м.; жантайма 695кв.м.) – бардыгы 1.60 га жер тилкесин башка категорияга которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Теплоключенка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Джаныбеков |