Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу №38
Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссияны курамын бекитуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевдин сунушун карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Типтүү жобо тууралуу” токтому менен бекитилген жобонун 21-пунктуна ылайык жер комиссиянын курамы төмөндөгү 7 кишиден бекитилсин:
- Бекиев К.О. – а/к депутаты, жер комиссиянын төрагасы;
- Мамбетов Д.А. – жер комиссиянын катчысы;
мүчөлөрү:
- Эралиев Э.К. – айыл өкмөтүнүн башчысы;
- а/ө жер маселелери боюнча башкы адиси;
- а/ө башкы адис-юрист;
- Акчубаков О.Т. – а/к депутаты;
- Рысмендиева А.Н. – байкоочу кеңешинин төайымы;
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү жер комиссиянын отурумдарына байкоочу катары катышууга укуктуу.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Теплоключенка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Джаныбеков |