Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу №40
Айыл аймагынын жайыт жерлеринин 18.3 га жер аянты жөнүндө
Муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2015-жылдын 26-майындагы №12 протоколунун негизинде, айыл аймагынын айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Ак-Суу токойчулугу 10 жылдан бери токой өстүрүү, көчөттөрдүн өсүшүн текшерүүдө айыл аймагынын төмөндөгү жайыттарда: Орток коктусунда 3.2 га, Красулин коктусунда 12.14 га, Жаман-Карагай коктусунда 2.96 га – бардыгы 18.3 га жерлердин территориясында карагай өсүп тургандыгы аныкталган. Туруктуу агрардык комиссиянын корутундусунун негизиде 18.3 га жайыт жерлер Ак-Суу токойчулугуна берилбесин.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Теплоключенка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Джаныбеков |