Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу №41
Баткен согушунда курман болгон жоокерлеринин урматына эстелик орнотуу жөнүндө
Муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2015-жылдын 26-майындагы №13 протоколунун негизинде, айыл аймагынын айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Кыдыр-Аке жана Дзержинский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ооган согушунун ардагерлердин эстелигинин жанынан Баткен согушунда курман болгон жоокерлердин урматына эстелик орнотуу үчүн 150кв.м. жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, айылдык кеңештин токтому Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Теплоключенка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Джаныбеков |