Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу №42
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды жыйноого айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Типтүү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалыматтарды жыйноого айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишим бекитилсин.
2. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, айылдык кеңештин токтому Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Д.Абдыкеримовага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Теплоключенка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Джаныбеков |