Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу №45
Айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана кабыл алууга боло тургандыгы жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобонун» 6-пунктуна ылайык, айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы көпчүлүк адамдар мамлекеттик тилди билгендигине байланыштуу айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, айылдык кеңештин токтому Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу этика комиссиянын төрагасы М.Малабековго жүктөлсүн.
Теплоключенка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Джаныбеков |