Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июлу №47
Айылдык кеңешинин 2013-жылдын 4-декабрындагы №71 «Теплоключенка айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартибинин негизинде комиссия түзүү жана курамын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңешинин 2013-жылдын 4-декабрындагы №71 «Теплоключенка айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартибинин негизинде комиссия түзүү жана курамын бекитүү жөнүндө» токтомуна Кыргыз Республикасынын θкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Жобонун 7-пунктуна ылайык муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүү комиссиясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. ААА атабай, ээлеген кызматтарын белгилөө менен 9 кишиден турган төмөндөгүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:
- төрайымы – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
- теңтөрага – айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары;
мүчөлөрү:
- айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы;
- айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси;
- айыл өкмөтүнүн башкы адиси-юрист;
- айылдык кеңешинин жер комиссиясынын өкүлү;
- Ак-Суу райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү;
- Каракол Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана укук каттоо башкармалыгынын өкүлү;
- коммерциялык эмес мекемелердин өкүлү.
3. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын.
4. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Теплоключенка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Джаныбеков |