Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-апрели №26\2
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2014-жылдан калган калдык акча каражатынын бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономиканын негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдан калган калдык акча каражатынын киреше - чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
Жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдан калган 1 214 981.71 сом;
Ата энелерден түшкөн салым 165 920 сом.
Баардыгы: 1 380 901.71 (бир миллион үч жүз сексен миң тогуз жүз бир сом жетимиш бир тыйын )
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
Бала бакчанын мебел алуу проектисинин өздүк салымына 87 000 сом;
Жайыт комитетине 60 000 сом;
Таза сууга 50 000 сом;
РЭСке 60 000 сом;
Ветеринардык кызмат үчүн 40 000 сом;
Чаарова Гүлайымга 20 000 сом;
Айыл ичиндеги жолдорду оңдоого 130 000 сом;
Мечитке 90 000 сом;
Оорканага 50 000 сом;
Жаңы салынуучу бала бакчанын өздүк салымына 578 781 сом 71 тыйын;
Райондук статистика бөлүмүнө 6 000 сом;
МК гезитине жарыя үчүн 1000 сом;
Парктын кароолчусуна бир жылдык айлык акысына 42 200 сом;
Бала бакчага тамак аш азыктарын алууга 165 920 сом
Баардыгы: 1 380 901.71 (бир миллион үч жүз сексен миң тогуз жүз бир сом жетимиш бир тыйын )
Бөлүнгөн акча каражатын атайын тузүлгөнн смета расходко ылайык жургүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы: А. Жусумамбетовко тапшырылсын;
Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөнн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Дөөткулов |