Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-апрели №26\3
Ак-Муз айылынын тургуну Ж.Сүюновдун арызы жөнүндө
Ак-Муз айылдык «Бакыт» ветеринардык сервизинин башчысы Ж.Сүюновдун жазган арызына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылынын «Бакыт» вет. сервисинин жетекчиси Сүюнов Жолдошбектин 25.03.2015-жылдагы жазган арызы негисиз деп табылсын.
2. Ак-Муз айылынын «Бакыт» вет. сервисинин жетекчиси Сүюнов Жолдошбек Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовдон, айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси Ү.Саалаевден кагаз жүзүндө кечирим сурасын.
3. Ак-Муз айылынын «Бакыт» вет сервисинин жетекчиси Сүюнов Жолдошбекке өзүнө бөлүнүп берген участокто ветеринардык мыйзамдарды, талаптарды сактоо менен өз убагында иш алып баруу жана убагында отчетторду берүү милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Дөөткулов |