Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-апрели №26\4
Ак-Муз айылынын тургуну Кенжетаев Туратбектин арызы жөнүндө
Ак-Муз айылынын тургуну Кенжетаев Туратбектин жазган арызына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылынын тургуну Кенжетаев Туратбектин 06.04.2015-жылдагы жазган арыз боюнча жеринде райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын атайын адисинин катышуусунда такталсын.
2. Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан атайын адис жиберүү суралсын.
3. Жеринде атайын адистин катышуусунда тактоону уюштуруу айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Чөлбаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Дөөткулов |