Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-апрели №26\5
Ак-Муз айыл аймагынын жер аянттарын пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6 пунктуна, Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 25-март 2015-жылдагы № 08-546 сандуу катына ылайык, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын каатал климаттык шарттын эске алып, жер аянттарын пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Дөөткулов |