Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 10-апрели №27\1
Ак-Муз айыл элинин ички тартип эрежелери жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл элинин жалпы элдик чогулушунунда кабыл алган ички тартип эрежелерин жана кызмат көрсөтүү акыларынын тарифин бекитүү максатында, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылдык Кещешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 27 /1 токтому аткарууга жана жетекчиликке алынсын;
2. Ички жайытка мал көчүү 1-майынан 30-майына чейин, алыскы жайытка көчүү 20-майынан 10-июнга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мөөнөткө белгиленсин;
3. 2015-жылдын 1-майынан баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин;
4. Корук уюштурууга айыл өкмөтү көмөк көрсөтсүн;
5. Ак-Муз айылында 2015-жылдын 1-майынан баштап бада уюштурулсун, бадага кошулган ар бир уйга 300 сомдон мал ээси төлөп кошуу белгилиенсин;
6. Бадага субай уй алып калууга тыюу салынсын;
7. Ички жайыттагы сарай ээлерине 1-ат, 1-5 чейин саан уй, 10 кой-эчкиден мал алып калууга уруксаат берилсин;
8. 2015-жылдын 1-майынан баштап дыйкандардын үлүш жерине корук уюштурулгандыгына байланыштуу, мал ээлери кароосундагы малга көзөмөлдүктү күчөтсүн;
9. Камакка түшкөн малга түрүнө карабастан акчалай 100 (жүз) сом айып салынсын;
10. Өрөөндөгү мыйзамсыз тосуп алган жерлердин тосмо зымдарын алуу сарай ээлерине милдеттендирилсин;
11. Жазгы айдап-себүү күзгү оруп жыйноо иштерине кызмат көрсөтүү акыларынын тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин;
12. Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган, жайыттарга көчүү, конуу эрежелерин жана мөөнөтүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузкан жарандарга, айыл өкмөтүнүн уставынын 11-беренесинин 1-2 пункттарына жана Кыргыз Республикасынын административтик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 17-беренесинин 185-186-193-статьяларына ылайык жоопко тартылаары эскертилсин;
13. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
14. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү документтерди даярдап берүү менен укук бузууларды алдын алуу жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн жер адиси: С.Чөлбаевге жана жайыт комитетинин төрагасы: Б.Абдылдаевге милдеттендирилсин.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Дөөткулов |