Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели №27\2
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштөрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө» типтүү жобосуна ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылдык аймагынын айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду жерлерине 2015-жылдын -апрелинде боло турган аукционго төмөнкүдөй лоттордо түзүлсүн (тиркеме тиркелет):
2. Аукционду өткөрүү боюнча план-график жана лотторго бөлүнүп түзүлгөн карта тиркемеге ылайык бекитилсин;
3. Ар бир лот боюнча кепилдик төлөм 20% өлчөмдө жана ижарага мөөнөтү 5 жылдык мөөнөткө бекитилсин;
4. Аукцион өткөрүүдө лоттор боюнча ар бир кадам 100 сом өлчөмүндө бекитилсин;
5. Кассалык кириштөө жана чыгыштоо ордеринин формалары, аукционго катышууга кабыл алуу жана кабыл алуудан баш тартуу журналы уюштурулсун;
6. Айыл чарба жарактуу жерлердинин мамлекеттик фондусунун жерлерине ижара акысын төлөө, ижара алуучу тарабынан экиге бөлүнүп өтүп жаткан жылдын май айына 40% жана өтүп жаткан жылдын октябрь айына карата 60% төлөнсүн;
7. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго милдеттендирилсин.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Дөөткулов |