Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 12-июну №28\7
Ак-Муз айылында таштандыларды туура эмес төккөн, бада жана алыскы жайлоого көчүүнүн ички тартип эрежелери жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылында таштандыларды туура эмес төгүп таштаган жана бадага уйун кошпой, алыскы жайлоого кеч көчкөн айыл тургундарын айылдык аксакалдар сотунун отрумунда кароого сунуш берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Дөөткулов |