Редакцияот 24.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2015-жылдын 24-июлу №30

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине «Импротекс» фирмасынан түшкөн 624 245 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине «Импротекс» фирмасынан түшкөн 624 245 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

-мектептин «Мерсиконун» проектисине өздүк салым үчүн 260 825 сом;

-мектептин Мерсиконун продуктысын тартып келүү үчүн 10 000 сом;

-айыл ичиндеги жолдордун ремонтуна ГСМ алуу үчүн 80 000 сом;

-айыл тургундары А.Акматакуновага, Н.Элебесова, А.Иманкуловго, Ж.Абдыбековага социалдык жардам үчүн ар бирине 5 000 сомдон жалпы 20 000 сом;

-калган 253 420 сом айыл өкмөтүнүн бюджетинде калтырылсын;

2. Бөлүнгөн акча каражатын атайын түзүлгөн смета расходко ылайык  

     жүргүзүүнү көзөмөлдө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн

     башчысына тапшырылсын.

3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка котору боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.

 

Ак-Муз айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Дөөткулов