Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2015-жылдын 13-апрели №17/86
Кош-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга карата түзүлгөн бюджеттин долбоорун жана Кош-Дөбө айыл аймаыгынын жалпы жамаатынын 22.03.2015-жылдагы № 2 токтомунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү-457,600сом. Чыгаша бөлүгү 457,600сом болуп бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1.Бодого -50-сом бир башка
2.Кой -10-сом бир башка
3.Жылкыга 100-сом бир башка
4.Топоз 180-сом бир башка
3. Сыртан келген малга эки жарым эселенип акы алынсын
4. Сырт жайлоого чыккандар 50% жайыт налогунан бошотулсун.
5. Ар чабан менен атайын түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып баруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Сыдыкбековго тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |