Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2015-жылдын 13-апрели №17/88
Кош-Дөбө айыл аймагынын “Кара- Саз айылындагы Кара-Саз бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн проектисин кароо жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган Кара-Саз айылындагы Кара-Саз балабакчасын үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу проектисин карап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамыныны 36-беренесине ылайык Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын балансасында турган Кара-Саз айылындагы Кара-Саз балабакчасын үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүү тууралуу жалпы сметалык суммасы 3 331,7 миң сомду түзгөн проектиси жактырылып 2015-жылга карата аткаруу жагы бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Каржы министирине сунушталсын
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын балансасында турган Кара-Саз айылындагы Кара-Саз балабакчасын үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 10 пайыздык өздүк салым баары сом менен 333,2 миң сом мунун ичинен 5 пайызы акчалай түрдө 166,6 миң сом кошуу жагы, ал эми 5 пайызды эмгек түрүндө 166,6 миң сомдук жумушту аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Өздүк салымды убагында уюштуруп, акча каражаттарын банкка төгүү жагы А.Сыдыкбековага тапшырылсын.
Кош-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Байташов |