КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI-чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2015-жылдын 21-январы №1
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Кабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Иманкулов Кубанычбек төрагалык кызматтан кеткендигине байланыштуу төрагалыкка кайра шайлоо жүргүзүлсүн.
2. Төрагалыкка көрсөтүлгөн талапкерлер жабык түрүндө добушка коюлсун.
3. Төрагалыкка талапкер депутат Акматалиева Жаркын депутаттардын көпсүлүк добушун алгандыктан Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымы болуп шайлансын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш. Кабаев |