Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI-чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 20-марты №1
Кара-Суу айыл аймагынын жерлерин трансформация кылуу жөнүндө
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Уметовдун билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Ж.Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 26-июнундагы № 156-б буйругуна ылайык, жер комиссиясынын 12-март 2015-жылдагы № 6 протоколунун негизинде, Кара-Суу айылынын Кара-Коюн участкасындагы №42, 32, 33, 34, 35, 31, 28 контурундагы жалпы аянты 30,0 га жер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтомуна ылайык, жайыт жеринен өнөр-жай категориясына сунушу бекитилсин.
2. Сунуш берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго тапшырылсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |