Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI-чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 27-марты №1
Кара-Суу айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымы Ж.Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн бюджети киреше чыгаша бөлүгү сметанынын негизинде 1920,6 миң сом менен бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн калдык акча каражаты 334,6 миң сом менен бекитилсин.
3. Атайын каражаттан калган калдык акча каражаты боюнча 17,0 миң сом бекитилсин.
4. Бюджеттин тартыштыгына байланыштуу жетишпеген статьяларга кошумча акча каражаты КРнын Каржы министрлигинен жана райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
5. Жергиликтүү салыктын түрлөрү боюнча чогултулган акча каражат өз орду менен чогулушу жана төгүлүшү боюнча айыл өкмөтүнүн салык инспектору Н Асанкожоевага тапшырылсын.
6. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык, Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана көзөмөлдөө жагы башкы бухгалтердин милдетин аткаруучу М. Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |