Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 27-марты №2
Кара-Суу айыл аймагындагы «Кара-Талаа» участкасындагы арендага берилген110 га жер жөнүндө
УГУЛДУ: Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Уметовдун кайрылуусунун жана Дыйкан айылынын тургундарынын 5.03.2006-жылдагы № 10 токтомунун жана 14.01.2014-жылдагы №2 токтомунун негизинде «Кара-Талаа » участкасындагы 110 га жер жонундо талкуулап, жергиликтүү Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы « Кара-Талаа » участкасындагы 110 га жер Ат-Башы айылынын тургуну Жумабеков Кемелбектин 2004-жылдын 2-августундагы Айыл чарба багытындагы жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишиминин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жана Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Уметовдун кайрылуусунун жана Дыйкан айылынын тургундарынын 5.03.2006-жылдагы № 10 токтомунун жана 14.01.2014-жылдагы №2 токтомунун негизинде жогорудагы жер жеке менчикке берилбесин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К.Уметовдон суралсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |