Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 27-марты №4
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Коюн участкасындагы 30 га жер аянтын ЖЧК «СФ ЛИСТ» фирмасына убактылуу пайдаланууга жер берүү жөнүндө
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымы Ж.Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын «Жер Кодексинин» 13-ст, 82-ст ылайык жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 24.03.2015-жылдагы № 61-б буйругунун негизинде Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Коюн участкасындагы 30 га жер аянтын өнөр жай транспорт багытына карата коргоого алынып, ЖЧК «СФ ЛИСТ» фирмасына 5 (беш) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Убактылуу пайдаланууга берилген жерден ар жылына ар бир га үчүн жер салыгын жана соц взносун кошпогондо ижара акысы 1000 (бир миң) сом жалпы 30 (отуз) миң сом болуп бекитилсин.
3. Убактылуу пайдаланууга берилген жер аянтына Кара-Суу айыл өкмөтү ЖЧК «СФ ЛИСТ» фирмасы менен КРнын мыйзамдарына ылайык эки тараптуу келишим түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |