Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 03-апрели №1
Кара-Суу айыл аймагындагы СПА нын бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү СПА нын 2015-жыл үчүн бюджетинин киреше- чыгаша бөлүгү 465 000 (төрт жүз алтымыш беш миң ) сом менен бекитилсин.
2. Жашоочулардын үйгө киргизгендиги үчүн 20 (жыйырма) сомдон, көчө чорголору аркылуу пайдалангандыктары үчүн 15 (он беш) сомдон төлөнөөрү белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы СПА нын башчысы М.Тентимишовго жана бухгалтери Т.Токоевага милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |