Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 03-апрели №2
Кара-Суу айыл аймагындагы жолбун иттерди атууну камсыз кылуу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундарынан түшкөн кайрылуулардын негизинде айылдагы жолбун иттердин көбөйүшүнүн кесепетинен коркунучтуу ылаңдардын алдын алуу максатында иттерди атууну камсыз кылуу боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн:
1. К.Уметов- айыл өкмөт башчы, комиссиянын төрагасы;
Мүчөлөрү:
2. Ж.Акбаев- вет адис;
3. Б.Усенов- жайыт төрагасы;
4. К.Шааев- Дыйкан айыл башчы;
5. Н.Абдысаков- участкалык инспектор;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана каражат бөлүп берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Б.Усеновго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |