Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 28-апрели №1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайлоо, күздөө, кыштоо үчүн мал бактыруунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык Кенешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майда жандыктан кой-эчкиге 30 (отуз) сом, кочкор- текеге 100 (бир жүз) сом, бодо малга 250 (эки жүз элүү) сомдон бекитилсин. Айыл өкмөтүнүн буйругу менен жашоочуларга маалымдалсын.
2. Малдардын 1-майдан 1-июнга чейин жаздоого, 1-июндан 1-октябрга чейин жайлоодо болушу камсыз кылынсын жана убактысынан эрте келгендерге административдик чара колдонулсун. Ички жайыттарга чек араларга бирден кароолчу дайындалсын.
3. Өмүржазиев Абас, Кудайбергенов Нурсеит, Салидинов Бакы төртөөнө элге кызмат кылууну эске алып, малдын башын 150 (бир жүз элүү) дөн ашырбай, Мамытов Казыбекке Маасынбай участкасына кочкор-теке жана чабыр багуу үчүн шарттуу малдын башын 350 (үч жүз элүү), 400 (төрт жүз) дөн башка айылдардын малын кошпой багуусуна уруксат берилсин.
4. Корукка кирген малдын башына бодого 100 (бир жүз), майда жандыктар үчүн 20 (жыйырма) сомдон айып акы алынсын. Камалган мал карышып өлсө, камаган тарап жоопкерчилик тартпай тургандыгы белгиленсин. Ошондой эле зыян келтирилген үлүш жерлерге келтирилген чыгымды мал ээси толугу менен төлөп берээри милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Уметовго жана жайыт комитетинин төрагасы Б.Усеновго жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |