Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 28-апрели №5
Кара-Суу айыл аймагына караштуу Таш-Рабат участкасындагы «Чайна-Роуд» компаниясы иштеткен заводдогу отсевди баланска алуу жөнүндө
Кара-Суу айылдык Кенешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» №13, №32, №73- беренелерине ылайык, Кара-Суу айыл аймагына караштуу Таш-Рабат участкасындагы «Чайна-Роуд» компаниясына тиешелүү заводдун иши токтогондуктан, андагы калган отсевдерди сатуу жөнүндө Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымы Ж.Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
2. Кара-Суу айыл аймагына караштуу Таш-Рабат чөлкөмүндөгү «Чайна-Роуд» компаниясына тиешелүү заводдогу калган отсевдер толугу менен Кара-Суу айыл аймагынын балансына алынсын.
3. Бул токтомду аткарууну камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчы К.Уметовго жана жаштар кеңешинин төрагасы Э.Байтемировго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |