Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 28-апрели №9
Таш-Рабат кербен сарайына келген конокторду тейлөө жана корукка алуу жөнүндө
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын тургундары үчүн Таш-Рабат кербен сарайына кирүү үчүн акы алынбасын.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 20 (жыйырма) сом кирүү акы алынсын.
3. Чет мамлекеттерден келген коноктор үчүн 100 (бир жүз) сом кирүү акы алынсын.
4. Таш үйдүн айланасындагы тазалыкты көзөмөлдөө келген коноктордун тейленишин, акча каражатынын чогулушунун аткаруу жагы Кара-Суу айылынын тургуну Жутабаева Турсунга милдеттендирилсин, эгер талаптар аткарылбаса айлык акысынан кыскартылсын.
5. Таш-Рабат кербен сарайына келген коноктордун тейленишин, тазалыгын, акча каражатынын чогулушун жана сакталышын көзөмөлдөө жагы жайыт камитетине милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Уметовго жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |