Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 28-апрели №11
Жасалма уруктандыруучу аппараттын кредитин төлөө жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовдун жана жергиликтүү Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын элинин муктаждыгы үчүн кредитке алынып келинген жасалма уруктандыруучу аппарат үчүн кредит төлөө убактысы 2019-жылда бүткөнгө чейин айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүүсү камсыз кылынсын.
2. Токтомду аткаруу жагын камсыз кылуу башчы К.Уметовго жана ФЭБ нүн убактылуу башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |