Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 28-апрели №12
Айыл өкмөтүнүн балансындагы техникалардын кызмат көрсөтүү акыларынын сарпталышы жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовдун жана жергиликтүү Кенешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга техникалардан чогулган акча каражаттарынын сарпталышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу үчүн комиссия курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:
К.Уметов- айыл өкмөт башчы;
Б.Мусалиев- депутат;
К.Иманкулов-депутат;
М.Өмүрзаков- депутат;
К.Кадыров- жаштар кеңешинин мүчөсү;
2. Токтомду аткаруу жагын камсыз кылуу башчы К.Уметовго жана айыл чарба жетектөөчү адиси Ж.Үшүмбаевге милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |