Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2015-жылдын 28-апрели №12
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келип түшкөн Бишкек шаарынын тургуну С.А.Беликовдун арызы жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовдун жана жергиликтүү Кенешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн наамына келип түшкөн Бишкек шаарынын тургуну С.А.Беликовдун туристтик лагерь ачуу үчүн Таш-Рабат өрөөнүнөн убактылуу пайдалануу үчүн жер берилсин.
2. Жайыт комитети менен биргеликте өз шарттарын коюу менен 3 (үч) жылга келишим түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин башчысы Б.Усеновго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |