Редакцияот 26.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2015-жылдын 26-майы №1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2015-жылдагы 2016-2018-жылдардагы бюджеттин долбоорун бекитип берүү жөнүндөгү № 103-б буйругунун негизинде Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу проект сметасын бекитүү жөнүндө

Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Уметовдун билдирүүсүнүн  негизинде айылдык Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Ж.Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2015-жылдагы 2016-2018-жылдардагы бюджеттин долбоорун бекитип берүү жөнүндөгү №103-б буйругунун негизинде Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-2018-жылдарга  карата болжолдуу проект сметасы тиркемеге ылайык түзүлсүн.

2.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго  милдеттендирилсин.

3.Токтомдо көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата белгиленген смета райондук финансы бөлүмү менен биргеликте макулдашылсын.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева