Редакцияот 26.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2015-жылдын 26-майы №4

ГПЦО-100 Мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу жөнүндө

ГПЦО-100 Мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу үчүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги имараттардан алып берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин 16-чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ГПЦО-100 Мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу үчүн Абит көчөсү № 50 дарегиндеги К.Карпеков атындагы орто мектебине тиешелүү 80,96 кв/м аянттагы кабинет каананы 5 (беш) жылдык мөөнөткө алуу белгиленсин.

2. Кепилдик берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева