Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2015-жылдын 26-июну №2
Мамлекеттик салык кызматынын буйругун жетекчиликке алуу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагына келген Мамлекеттик Салык кызматынан 22-июнь 2015-жылдагы №25- буйругундагы көрсөтмөлөрдү жетекчиликке жана аткарууга алуу боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик Салык кызматынан 22-июнь 2015-жылдагы №25- буйругунда көрсөтүлгөн Кара-Суу айыл аймагынын 19-май 2015-жылга пландык текшерүүнүн негизинде чыккан мамлекеттик бюджетке атайын каражат салыгын 2012-жылга негизги салык 21,8 миң сом, проценти 19,1 миң сом баары 40,9 миң сомду чегербей келе жаткандыгы белгиленсин.
2. Таш-Рабаттан түшкөн каражат менен 2015-жылга салыкты чегерүү белгиленсин жана тиешелүү каражаттарын эсептешүү менен бөлүп берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Б.Усеновго тапшырылсын.
3. Райондук салык кызматы менен бирге тиешелүү иш кагаздарын камсыз кылуу, эсептешүү жагы ФЭБ башчысы М.Дөөлөбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Уметовго тапшырылсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |