Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин XX сессиясы
2015-жылдын 27-майы №20\1
Ак-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорунун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлугү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.aktala.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Аалыбаев Рахатка жүктөлсүн.
Ак-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Алыбаев |