Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөбөлү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 02-июну №23/1
Алыш орто мектебинин 2012-жылдын 12-мартындагы №111 токтому жөнүндө
Алыш орто мектеби 2011-жылы кошумча көмөкчү чарбаны пайдаланып андан 11500 сом пайда табышкан. Бул акча каражаты Дөбөлү айыл өкмөтүнүн өздүк атайын эсебинде банкта турат. Азыркы кезде банкта айыл өкмөтүнүн өздук эсебинде турган 11500 сом акча каражатын Алыш орто мектебинин муктаждыктарына пайдалануу керек болууда жана алар томондогудой максатка жумшалмакчы:
-Олимпиадада жакшы ийгиликтерге жетишкен мугалимдерди жана окуучуларды сыйлоо;
-"Жаш таланттар" конкрусунун женүүчүлөрүн сыйлоо;
-"Жылдын эн мыкты мугалими" кароо-сынагынын женүүчүлөрүн сыйлоо;
-"Жылдын эн мыкты класс жетекчиси" кароо-сынагынын женүүчүлөрүн сыйлоо;
-Мектептин өздүк комокчу чарбасына керектелүүгө кетүүчү чыгым.
Жогорудагыларды белгилеп депутаттардын Дөбөлү айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алыш орто мектебинин 2012-жылдын 12-мартындагы №111 токтому бекитилсин.
2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн өздүк эсебинде турган 11500 сом акча каражатын банктан алып тийиштүү сметанын негизинде Алыш орто мектебине берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага тапшырылсын.
Дөбөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Исаков |