Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 02-июну №26-13-2
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолдон чыккан инерттүү материалдарды төгүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4 пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Автомобиль жолдорун куруу, реаблитациялоо жана реконструкциялоонун инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу» жөнүндөгү 2004-жылдын 21-майындагы №374 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын түндүк түштүк альтернативдик автожолунун долбоорундагы Балыкчы-Жалал-Абад жолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагынан жол куруучуларга жолдон чыккан инерттүү материалдарды төгүү үчүн жер аянтын берүү максатында Кабак айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик автожолунун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолдон чыккан инерттүү материалдарды төгүү төмөндөгү жер аянттары бөлүнүп берилсин.
I. 231+200 км түштүк тарабындагы жолдон 10м алыстыкта узуну 270м туурасы 60м баардыгы 1,62 га,
II. 230+120 км түштүк тарабындагы 20м алыстыктагы узуну 250м туурасы 90 баардыгы 2,25 га,
III. 236+800 км түштүк тарабындагы баардыгы 6,0 га
IV. А: 234+400 км түштүк тарабындагы жолдон 28м алыстыкта узуну 245м туурасы 130м
Б: 234+400 км түштүк тарабындагы жолдон 27м алыстыкта узуну 265м туурасы 90м
В: 234+400 км түштүк тарабындагы жолдон 30м алыстыкта узуну 200м туурасы 120-159м АБВ баардыгы 6,5 га
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт коммуникациялар министрлиги, «Чайна Роуд энд Бриджа» жол жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясына жерди пайдаланууда бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоону жана рекультивациялоону аткарууну камсыз кылынсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынын каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жана тийиштүү мекеме ишканаларына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго тапшырылсын.
Кабак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Имеров |