Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 02-июну №26-13-3
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигине жолдон чыккан инерттүү материалдарды алуу үчүн карьерге жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4 пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Автомобиль жолдорун куруу, реаблитациялоо жана реконструкциялоонун инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу» жөнүндөгү 2004-жылдын 21-майындагы №374 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын түндүк түштүк альтернативдик автожолунун долбоорундагы Балыкчы-Жалал-Абад жолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагынан жол куруучуларга инерттүү материалдарды алуу үчүн карьер катары колдонууга жана АБЗ, ДСУга жер аянтын бөлүп берүү максатында Кабак айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик автожолунун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Балыкчы-Казарман альтернативдик автожолунун 237+500 км нин түндүк тарабынан баары 1,23 га жер аянты инерттүү материалдарды алуу үчүн карьер катары колдонууга жана АБЗ, ДСУга жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт коммуникациялар министрлиги, «Чайна Роуд энд Бриджа» жол жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясына жерди пайдаланууда бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоону жана рекультивациялоону аткарууну камсыз кылынсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынын каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жана тийиштүү мекеме ишканаларына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго тапшырылсын.
Кабак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Имеров |