Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 02-июну №26-14-1
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Котур-Суу айылындагы Кызыл-Октябрь негизги орто мектебине Кулов Бешкемпирдин ысымын берүү жөнүндө
Кабак айылдык Кещештин сессиясы Бешкемпир Куловдун Кызыл-Октябрь орто мектебинде көп жылдык эмгегин жана Кең-Суу, Котур-Суу, Таалга айылынын тургундарынын кайрылууларын угуп жана талкуулап, Кабак айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кабак айыл аймагындагы Котур-Суу айылындагы Кызыл-Октябрь негизги орто мектебине «Бешкемпир Кулов атындагы Кызыл-Октябрь орто мектеби» деп аталсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жана тийиштүү мекеме ишканаларына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго тапшырылсын.
Кабак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Имеров |