Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 02-июну №26-14-2
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө эксковатор алууга кошумча акча которуу жөнүндө
Кабак айылдык Кеңешинин сессиясы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 31112290 статьясынан 1 800000 (бир миллион сегиз жүз мищ) сом акча каражатынан 1000000 (бир миллион) акча каражатын эксковатор алууга каралган 31121290 статьясындагы 2367831 (эки миллион үч жүз алтымыш жети мищ сегиз жүз отуз бир) сом акча каражатына которууга Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 31112290 статьясынан 1 800000 (бир миллион сегиз жүз мищ) сом акча каражатынан 1000000 (бир миллион) акча каражатын эксковатор алууга каралган 31121290 статьясындагы 2367831 (эки миллион үч жүз алтымыш жети мищ сегиз жүз отуз бир) сом акча каражаты которулуп эксковатор алууга жумшалсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жана тийиштүү мекеме ишканаларына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шейшеновго тапшырылсын.
Кабак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Имеров |