Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу №23/1
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2015-жылдын алты айда аткарган жумушу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2015-жылдын алты айынын аралыгында аткарган жумушу боюнча маалыматын угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыш) кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2015-жылдын алты айынын аралыгында аткарган жумушу боюнча шаардын мэри Ж.Юсуповдун маалыматы эске алынсын.
2.Көк-Жаңгак шаардык регионалдык казына жетекчиси (К.Джураева) квартал сайын шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү тууралу маалыматты шаардык кенешке өз убагында берилсин.
3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Г.Садыковага) тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К.Курбанов |