Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-августу №13-7-1
2015-жылдын 1- жарым жылында киреше бөлүгүнүн аткаруусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдардын негизинде, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2015-жылдагы кабыл алынган иш-планына ылайык Майлуу-Суу шаарынын 2015-жылдын 1- жарым жылында киреше бөлүгүнүн аткаруусу боюнча Майлуу-Суу шаарынын финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Райимбекованын отчётун карап, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Б.Оморовдун маалыматтарын, чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин, алымча кошумчаларын угуп жана талкуулап чыгып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын 2015-жылдын 1- жарым жылында киреше бөлүгүнүн аткаруусу боюнча отчёт эске алынсын жана бекитилсин Тиркемеге ылайык.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэриясына: шаардык бюджеттин баардык булактары боюнча киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча баардык керектелүүчү чаралар колдонулсун.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (А.Б.Оморов) жана шаардын 1-вице-мэри З.К.Расуловко жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|