Редакцияот 11.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык Кенешинин XXV чакырылышынын V сессиясы

 

2015-жылдын 11-августу №13-7-4

2015-жылда шаарды көрктөндүрүү боюнча аткарыла турган иштердин Титулдук тизмесин кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык  Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын “2015-жылга жылга шаарды көрктөндүрүү боюнча титулдук тизмени” (мындан кийин -Титулдук тизме)бекитип берүү маселе боюнча 2015-ж.04.08 №01-14/1121 сандуу катын талкуулап,  шаардык кеңешинин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча  туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин, жогоруда аталган кат менен түшүрүлгөн Титулдук тизмедеги жумуштарды каржылоо үчүн 32284,8 миң сом көрсөтүлгөндүгүн, ал эми Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылдын 17–апрелиндеги  №12-7-3  сандуу  “Майлуу-Суу шаарынын 2015-жылга бюджетин жана 2016-2017-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө” токтомунун 8-пункту  менен  2015-жылга шаарды көрктөндүрүү боюнча иш чараларын  каржылоого кетүүчү чыгымдар  7025,0 миң сом   каралганын, шаардын бюджетинин тартыштыгын эске алуу менен, бюджет каражатын эффективдүү колдонуу максатыныда  Майлуу-Суу шаардык кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын “2015-жылга  шаарды көрктөндүрүү боюнча титулдук тизмени” бекитип берүү маселе боюнча 2015-ж.04.08 №01-14/1121 сандуу катын талкуулап,  шаардык кеңешинин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча  туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

2. 155 пунктунан турган  “2015-жылга шаарды көрктөндүрүү боюнча титулдук тизмеде” көрсөтүлгөн жумуштар  жалпысынан кабыл алынсын Тиркемеге ылайык. Ал эми шаардын бюджетинин тартыштыгына байланыштуу аткарыла турган жумуштардын ичинен  эң маанилүү, көйгөйлүү ирети боюнча жана аткара турган жумуштар көрсөтүлгөн суммадагы сметалары, деффекттик актылары шаардык кеңешинин кеңейтилген отурумунун  макулдашуу чечими чыккандан кийин гана бекитилди  деп эсептелсин жана Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2015-ж. 04.08 №01-14/1121 сандуу катынын негизинде аткарууга алынсын.

3. Ушул токтом катталсын  жана Кыргыз Республикасынын  укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине  (Д.Караева) жөнөтүлсүн.

4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча  туруктуу комиссиясына  (А.Б.Оморов) жана Майлуу-Суу шаарынын мэрине  жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р.К.Бакалаев