Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-августу №13-7-5
Майлуу-Суу шаардын мээри К.У.Сатыбалдиевке ишенбестик билдирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 44-беренесинин 8-пунктуна ылайык “жылына экиден кем эмес шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык кеңеш алдында отчетун” сессияга келип бербегендиги, 36-беренесинин 2-пунктуна ылайык “өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде аткарылууга милдеттүү” экендигин эске албагандыгы үчүн, 31-беренесинин 3-пунктунун 4-пп. жана 44-беренесинин 1-пунктунун 3-пп. ылайык шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин шаардык кеңешинин макулдашуусу менен дайындабаганы үчүн, курулуш, монтаждык жана сметалык иштери боюнча көз каранды эмес эксперт М.И.Кааровдун берген чечиминин жана Жалал-Абад облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашту экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын улуу тергөөчүсү Н.Р.Джусуповдун 2015-ж.05.08 У/Д 282-15-00-56 кылмыш иш козгогондугу жөнүндө токтомунун негизинде, өз милдетин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн- бюджет каражаттарынын сарпталышына талаптагыдай көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн, катышкан 26 депутат карап, талкуулап чыгып, катышкан депутаттын ичинен ачык дообуш берүүдө 23 депутат ишенбестик билдиргендигине, 2 депутат каршы жана 1 депутат калыс болгондугуна байланыштуу, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри К.У.Сатыбалдиевке ишенбестик билдирилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А. Сүйүмбаев) жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|