Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куйручук айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2015-жылдын 10-августу №6
Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014- жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн 493459 сом 07 тыйын каражатты кайра кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана“ «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамдарына ылайык Куйручук айыл өкмөтүнүн 2014- жылдын бюджетинен каралып, үнөмдөлгөн каражатты 2015- жылга чыгымдоосун Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушун , Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Абылабековдун жана Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысы К. Чокоевдун ФЭБ бөлүмүнүн башчысы К. Ботбаеванын билдирүүсүн, маалыматын угуп жана талкуулап Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 34 кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 31 кезексиз сессиясынын № 2 токтомунун 6 пункту жокко чыгарылсын жана өзгөртүлүп толуктоо киргизилсин.
2. Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015- жылга карата үнөмдөлгөн 493459 сом 07 тыйын төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн.
1.А. Сулайманов орто мектебинин ашканасын оңдоп түзөө үчүн 50000 миң сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
Ынтымак жаштар уюмунун “ Субанбек Ата” спорт мектебинин имаратын оңдоого 20000 миң сом бөлүнсүн.
“Акжолтой-Апа”бала бакчасына балдар уктоочу кровать сатып алуу үчүн 60000 мин сом акча каражаты берилсин.
Куйручук айылынын Рысалиева көчөсүнүн инфраструктурасын ондоо үчүн 50000 сом акча каражаты берилсин.
Куйручук айыл өкмөтунүн социалдык муктаждыктары болгон Боз үй жана башка буюмдарын алуу үчүн 50 000 миң сом бөлүнсүн
Куйручук айыл аймагынын жайыт жерлерине отургузулган бактын жаш көчөттөрүнүн багын өстүрүү үчүн жайыт комитетинин кароолчусуна 20 000 миң сом которулсун.
Куйручук айыл өкмөтүнүн кенсесине компьютер сатып алуу үчүн 25 000 миң сом которулсун.
Кызматтык “Нива” автомашинасынын тетиктери үчүн 8 240 сом бөлүнсүн.
Бактын жаш көчөттөрүн коргоого жана айлана чөйрөсүн тосуп курчоо үчүн 50 000 миң сом бөлүнүп берилсин.
Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган имараттын кеңсесине үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебине капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн беш пайыз (5%)дык өздүк каражаттын салымына 160 219,07 сом бөлүнүп берилсин.
3. Жогоруда каралган каражаттарды багыттарга жараша жумшоо жагы айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Ботбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жана айрым жетишпей калган акча каражаттарын табуу жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б Абылабековго жүктөлсүн.
Куйручук айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Баисов |