Редакцияот 19.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семенов айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2015-жылдын 19-марты №3

Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосун бекитип жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө

Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Турдакунов Анарбек Темирбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Семенов  айылдык  аймагынын айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясынын талабына ылайык “Семеновка айыл өкмөтү” мекемесинен “Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесине мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

2. Мекеменин  толук аталышы:

Мамлекеттик тилде “Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси

Расмий тилде: “Айыл окмоту Семеновского айылного аймака” учреждение.

3. Айыл өкмөтүнүн юридикалык жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы,  Ысык-Көл  облусу,  Ысык-Көл району , Семеновка айылы ,Совет көчөсү №20.

4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө токтомунда андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендигин жана мыйзамда белгиленген же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен маклдашылганы ырасталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Турдакуновко тапшырылсын.

 

Семеновка айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Бугубаев