Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2015-жылдын 27-январы №13/1
Кара-Суу районунун прокуратурасынын 20-январь 2015-жылдагы мыйзам бузууну четтетүү жөнүндөгү 1-38-117-15 сандуу талапты кароо жөнүндө
Кара-Суу районунун прокуратурасынын 20-январь 2015-жылдагы мыйзам бузууну четтетүү жөнүндөгү 1-38-117-15 сандуу талапты кароо жөнүндө Жоош айылдык кеңешинин төрагасы К.Бердикуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз ХIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобонун 2-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык Жоош айылдык кеңешинин 2012-жылдын 31-майындагы № 21/4 сандуу токтомунун 3-пунктунда көрсөтүлгөн Жоош айылдык кеңешинин аймагындагы Маданият айылына өзү жашаган көчөгө Жолдошов Апсаматтын аты берилсин деп кабыл алынган токтомдун 3-пункту жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жоош айылдык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча жана социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |