КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2015-жылдын 27-январы №13/3
Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүндө 2013-жылдын 1-январынан 2013-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылган иштер боюнча КРнын Эсептөө палатасынын 2013-жылдагы иш планы жана КРнын Эептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн башчысынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 01-16/399 буйругу жана № 413 күбөлүгү менен өткөрүлгөн аудитордук текшерүүнү жыйынтыгы менен инвентарларды эсептен чыгаруу жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүндө жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз ХIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүндө 2013-жылдын 1-январынан 2013-жылдын 31-декабрына чейинки аткарылган иштер боюнча КРнын Эсептөө палатасынын 2013-жылдагы иш планы жана КРнын Эептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн башчысынын 2014-жылдын 7-октябрындагы № 01-16/399 буйругу жана № 413 күбөлүгү менен өткөрүлгөн аудитордук текшерүүнү жыйынтыгы менен 112709 сом 18 тыйындык инвентарлар эсептен чыгарылсын (тиркеме тиркелет).
2. Эсептен чыгарылган бардык инвентарларды Жоош айыл өкмөтүнүн негизги каражаттар китебинен чыгаруу жагы Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т. Кадырбековага жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |