Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2015-жылдын 25-февралы №14/1
Жоош айылдык кеңешинин 2014-жыл ичинде кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жөнүндө
2014-жыл ичинде Жоош айылдык кеңешинин кабыл алынган чечимдеринин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы боюнча Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги ХIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жыл ичинде Жоош айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган 47 токтомдун 4 протоколдук тапшырмасы аткарылбагандыгы белгиленсин жана аткарылбаган токтомдордун аткарылуусун көзөмөлдөө мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (№ 10/2-4, № 10/2-11, №12/6-1, № 12/6-2 токтомдору).
2. Жоош айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 11-12-13-сессиясынын токтомдору юстициялык каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жоош айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Д.Кошоковага жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |