Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2015-жылдын 25-февралы №14/3
Жоош айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбекованын 2015-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 23240,4 миң сом(анын ичинен 3340,0 сом атайын каражат) өлчөмүндө алымча, кошумчасы менен бекитилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 40, анын ичинен айыл башчылар 12, ВУС инспектору 4, тейлөө кызматкерлери 4, башкы адис, жетектөөчү адис жана адис - 20 штат бирдиги. Маданият кызматкерлери 16 штат анын ичинен 7 маданият кызматкери, тейлөө кызматкерлери 9 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2015-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соцфонд, дары-дармек, тамак-ашка чегерүү) каржылануусу белгиленсин
4. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиянын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
5. Жоош айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча 6 айдын жыйынтыгы менен Жоош айылдык Кеңешинин сессияларында каралсын.
6.Жоош айыл өкмөтүндөгү 2014-жылы жумшалбай калган акча каражаты - 904,0 мин сом (анын ичинен 816,1- негизги каражаттан, 87,9 - мин сом атайын каражаттан) сметага ылайык жумшалсын.
7. Жоош айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
8. Жоош айыл өкмөтүнүн кассадагы акча жүгүртүүсү 10,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |