Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 09-июну №15/1
Жоош айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-февралындагы ХIV сессиясында кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жөнүндө
Жоош айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-февралындагы ХIV сессиясында кабыл алынган чечимдеринин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы боюнча Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-февралындагы ХIV-сессиясында кабыл алынган 6 токтомдун бардыгы аткарылгандыгы белгиленсин жана 2014-жыл ичинде кабыл алынган 47 токтомдун ичинен 4 токтом аткарылбагандыгы белгиленсин жана бул токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу туруктуу комиссияларга тапшырылсын. Кийинки сессияда бул токтомдордун аткарылышы угулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жоош айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Д.Кошоковага жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |